Site icon Reporter.kg

Казакстанда жаран 4 кишини өрттөн куткарып алды

Павлодардын өрт өчүрүүчүсү нөөмөттөн сырткары өрт учурунда адамдарды өз алдынча куткарып калганын ӨКМ билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

«Павлодар облусунун ӨКМнин №4 өрт өчүрүү бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучусу жарандык коргоонун кенже сержанты Абенов Марлен кырсык болгон жерге Куткаруу кызматтары келгенге чейин адамдарды куткарууну уюштурган. Ал бош убактысын өткөрүп жүргөн», — деп айтылат. Билдирүүдө.

Марлен 9-кабатка чыгып, төрт адамды, анын ичинде бир балалуу аялды эвакуациялады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызматкер нөөмөттөн кийин үйүндө болгонун, бирок жарандык милдетин абийир менен аткарганын белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version