Казакстанда жаштардын 90%дан ашыгы саясий партияларга мүчө эмес

Казакстанда жаштардын 90%дан ашыгы саясий партияларга мүчө эмес

Казакстандын 2023-2027-жылдарга карата мамлекеттик жаштар саясатынын концепциясына ылайык, жаштардын  90%дан ашыгы саясий партияларга мүчө эмес. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

 “Өлкөнүн коомдук-саясий процесстерине жаштардын тартылышы, мамлекеттик башкаруу системасына катышуусу, жаштар уюмдарынын иштерине катышуусу, саясий партияларга мүчөлүгү, Казакстандын Парламентинин Мажилисинде жана маслихаттардагы өкүлчүлүгү менен аныкталат. 90,9% жаштар саясий партияларга мүчө эмес», — деп айтылат концепцияда.

Ошол эле учурда Казакстандын Парламентинин Мажилисинде 2022-жылы 35 жашка чейинки жети депутат бар экендиги, ал эми 2021-жылы шайланган маслихат депутаттарынын арасында жаштардын үлүшү 7%га жакын же 228 адам болгону белгиленген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>