Казакстанда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү алынып келинди

Казакстанда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү алынып келинди

Казакстанда жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мекенине алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маркумдардын сөөгүн алып келүүгө Алматыдагы кыргыз консулдугу жана  Байкоңур шаарында жашаган кыргызстандыктардын көмөгү менен Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматташтыгы астында жеткирилген.

Ал эми оор жаракат алган 3 кыргыз жараны учурда Кызыл-Ордо облусунун Кармакшы райондук ооруканасында жатышат.

Белгилей кетсек, 1-август күнү  Казакстандын Кызыл-Ордо облусунундагы  “Батыш Кытай – Батыш Европа” унаа жолунда кыргызстандын жарандары бараткан  “Тойота-Естима” унаасы “ Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа менен кагышып, кырсыктан 5 кыргыз жараны каза болгон.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>