Казакстанда жүк ташуучу поезддин 18 вагону рельстен чыгып кетип, беш вагон Иртыш дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу «Тенгринюс» жазды.
Вагондор Оскемен-Кумыстау тилкесинде рельстен чыгып кеткен. Руда жүктөлгөн эки вагон Орусиянын менчиги. Дагы 16 вагон «КазцинкТемирТранс» ишканасына тиешелүү, аларга шлак жүктөлгөн.
Жабыркагандар жок.