Казакстандагы кырдаал: Актөбө акими элге өттү (ВИДЕО)

Казакстандын Актөбө шаарында 5-январда полиция демонстранттар тарапка өткөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. «Актөбөдөгү полиция эл менен экенин, элге кол көтөрбөй турганын билдирди», — деп белгилешти жалпыга маалымдоо каражаттары. Актөбөнүн акимчилигинин имаратына миңден ашуун митингчи чогулду жана алар жылынуу  үчүн от жагып жатышат. Кечээтен бери митингчилер облус акиминин кетишин талап кылышууда.