Site icon Reporter.kg

Казакстандагы мекендештердин балдары Ысык-Көлдө эс алышат

default

Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин демилгеси жана Алматы шаарындагы коомдук өкүлдөрүнүн аракети менен Казакстанда жашаган кыргызстандыктардын балдары үчүн Ысык-Көлдө эс алуу лагери уюштурулууда.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 21-июнда 65 баладан турган алгачкы топ Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоочу реабилитациялык комплексине жөнөтүлдү.

Балдарды узатууга катышкан Жогорку Кеңештин депутаттары Нуржигит Кадырбеков, Айбек Маткеримов жана төраганын алдындагы Миграция кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман чет жердеги мекендештердин балдары үчүн уюштурулуп жаткан саамалыктын маанилүүлүгүн белгилеп, келечек ээлерине жакшы тилектерин айтышты.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version