Site icon Reporter.kg

Казакстандагы мектепте түтүндөн улам 500дөй окуучу эвакуацияланды

Павлодардагы мектепте түтүндөн улам 500гө жакын мектеп окуучусу эвакуацияланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

«16-январь күнү саат 16.35те Павлодар шаарындагы 3 кабаттуу Б. Момышулы атындагы орто мектептин имаратынын биринчи кабаттындагы коммутатордун электр зымдарын каптаган кыска туташуу пайда болгон. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин 542 адам өз алдынча эвакуацияланган, анын ичинен 493 бала», — деп билдирди дүйшөмбү күнү Павлодардын билим берүү башкармалыгы.

Ошондой эле диспетчердик бөлмөнүн эшиктери жабык экени, түтүн жок экени айтылды.

«Көрүлгөн чаралар менен өрт саат 17:05те толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок», — деп билдирди Павлодар облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы.

Чакырууга облустун Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 29 кызматкер жана сегиз техника чыккан.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version