Site icon Reporter.kg

Казакстандагы суу каптоодо мечитти чын эле суу баскан эмеспи? — Фактчекинг

Өзбекстандын Сардаба суу сактагычында дамба жырылгандан кийин Казакстандын Мактаарал районундагы айылдарды суу баскан сүрөттөр социалдык тармактарда бир нече күн жарыяланып турду. Ошол сүрөттөдүн биринде Өргебас айылындагы мечиттин сүрөтү да бар. Сүрөттү бөлүшүп жаткандар “Алланын кудурети менен мечитти суу каптаган жок” деп жазышкан.

Мындан улам фактыларды текшерип, маалыматтардын чын-төгүнүн аныктаган  Казакстандык factcheck.kz порталы чын эле мечитти суу басканын же баспаганын изилдеп көргөн. 

Видеодон тургундун “бул айылды толугу менен суу каптап, бирок суу мечиттин маңдайына да жологон эмес”, — деп айтып жатканын көрүүдөбүз.

Социалдык тармакка тараган сүрөттөрдөн кийин  колдонуучулар Исалм дининин кудурети тууралуу байма-бай жаза башташкан.

[su_box title=»Жыйынтык: манипуляция » box_color=»#5d2d80″]Чынында суу мечитти да каптаган.  Окуя тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарындагы сүрөт жана видеолор дагы күбө болот. Суу каптаган эмес деп тарап жаткан сүрөттөр суу тартыла баштаганда тартылган. Буга мечиттин айланасындагы бир нече имараттар же объекттер мисал боло алат.[/su_box]

[twenty20 img1=»28076″ img2=»28077″ offset=»0.5″]

Мечитти чынында суу каптаганын   “Азатты радиосунун” казак кызматынын материалдарынан да көрүүгө болот.


Видео Азаттыктын казак кызматынын кабарчысы Дилара Исанын репортажынан алынды.

Сүрөт: “Азаттык радиосу”, Дилара Иса

Белгилей кетсек, 1-майда Өзбекстандын Сардаба суу сактагычында дамба жырылып, Казакстандын Түркстан облусунун бир нече айыл-кыштагын суу каптап 31 миңден ашык адам жапа чеккен.

Өзбекстанда бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

Exit mobile version