Site icon Reporter.kg

Казакстандагы Январь окуяларында 238 адам каза болгон

Январь окуяларында 232 адам каза болуп, дагы алты киши кармалгандан кийин абактагы кыйноолордон улам өлгөн. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Асет Чиндалиев 29-июнда билдирди.

Анын айтымында, кыйноо фактыларына байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин сегиз офицери жана бир полиция кызматкери кармалган. Дагы 15 офицер «митингге чыккан адамдарды кыйнаган» жана «аларды мыйзамсыз жолдор менен суракка алган» деп шектелүүдө.

Буга чейин Башкы прокуратура кандуу тополоңго байланыштуу кармалган 25 киши кыйноого кабылганы ырасталганын, тергөөчүлөр аларды ысык үтүк менен кыйнаганын билдирген. Январь окуяларында кармалып, кайра бошотулган кыргыз жарандары да кыйноого туш болгону ачыкка чыккан.

Казак бийлигинин буга чейинки маалыматында Январь окуяларында 230 киши, алардын арасында 19 укук коргоо кызматкери каза тапканы айтылган болчу.

Exit mobile version