Site icon Reporter.kg

Казакстандагы жагдай. ТИМ кыргызстандыктын кармалышынын чоо-жайын аныктоодо

Социалдык тармактарда Казакстанда болгон тополоңго катышкан делген Кыргызстандын жараны кармалганы тууралуу видеого байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жагдайды иликтеп жатат.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы учурда Казакстан Республикасынын компетенттүү органдары менен бул жарандын кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы мекендештерди жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого, чагымчылдыкка алдырбоого, чыр-чатактарга катышпоого, эл көп чогулган жерлерден алыс болууга чакырат.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Казакстандын жергиликтүү телеканалдарынын биринин эфиринде Алматыда кармалгандардын бири Кыргызстандан учуп келгенин айткан сюжет көрсөтүлгөн.

Exit mobile version