Site icon Reporter.kg

Казакстандагы жер титирөө Кыргызстанда 3 балл болуп сезилди

Казакстандагы жер титирөө Кыргызстандын аймагында 3 балл болуп сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Сейсмология институту берген такталган маалыматка ылайык, саат 11:13тө Казакстанда 4,5 магнитудагы жер титирөө болгон. Анын очогу Бишкектен 55 чакырым түндүк-чыгышта, Токмоктон 45 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Аталган эки шаарда жер тирөө 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Exit mobile version