865 уй, 146 жылкы “Ак-Тилек” өткөрмө пунктунан Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жатканы ачыкталды. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган чек ара өткөрмө жайынан жүк ташуучу унаалар менен бодо малдар ташылып келе жаткан. Аларды текшерүү маалында уруксаат кагаздары жок болуп чыккан.
Бул иш тиешелүү ыкчам топко өткөрүлүп берилген. Азырынча канча зыян алып келгени аныктала элек.