Site icon Reporter.kg

Казакстандан күйүүчү майды мыйзамсыз ташыган автобус айдоочулары кармалды (видео)

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен күйүүчү май ташыган үч автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочулар автобустарга кошумча бак орнотуп, күйүүчү майды мыйзамсыз ташып баратышкан. Алар Чүйдөгү «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрмө бекетинен кармалган.

Кошумча бак орноткондугу үчүн айдоочуларга 16,5 миң сомдон айыппул салынган.

Exit mobile version