Site icon Reporter.kg

Казакстандан Кыргызстанга бангизат ташыган адамдар аныкталды

Марттын башында бангизатты ташуу жана сатууга шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн унаасын текшерүүдө Казакстандын жараны болгон жүргүнчүгө тиешелүү 115 грамм гашиш табылып, алынган. 49 жаштагы жаран Казакстандан Кыргызстанга бангизат ташуу менен алектенген.

Мындан тышкары, Чүй облусунун аймагында тергөө-изилдөө иш-чарасын жүргүзүүдө бангизат сатуу учурунда шериги 31 жаштагы Жалал-Абад облусунун жашоочусу кармалган.

Аларга 267-берене (бангизат сатуу) менен иш козголуп, кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Аталган кылмышка катыштыгы бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-изилдөө иштери уланып жатканы айтылат.

 

 

Exit mobile version