Казакстандан Кыргызстанга Чу дарыясын кечип өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалды

Казакстандан Кыргызстанга Чу дарыясын кечип өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалды

23-сентябрда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Васильевка айылынын четинде нөөмөттө турганда чек арачылар Чүйдөн дарыяны бойлоп, Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эки жаранды колго түшүргөн.

Алар Казакстандын 1994-жылы туулган жарандары С.Н., жана М.Э. болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, мамлекеттик чек араны бузгандар Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>