Site icon Reporter.kg

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен бензин ташыган топ аныкталды

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен бензин ташыган топ аныкталды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Каржылык көзөмөл агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, аталган топ Аи-92 бензинин сатып алып, аны документтерди эриткич жана дистиллят катары көрсөтүп, өлкө тышына чыгарып кетип турушкан. Жакында эле аталган агенттиктин кызматкерлери «Турксиб» станциясынан ушундай эле жол менен Кыргызстанга чыгарылып кетмекчи болгон 500 тоннадай (8 цистерна) бензинди аныкташкан. «Кара Май ОйЛ» мунайды кайра иштеткен кичи ишканадан алынган бул бензин Кыргызстанга темир жол аркылуу жеткирилмек.

2023-2024-жылдары аталган ишканадан Кыргызстанга 102 миң тонна бензин экспорттолгон.

Бул факт боюнча Алексей Попов, Рахымжан Ибраимов, Серик Сагындыков аттуу Казакстандын үч жараны издөөгө алынган.

Exit mobile version