Site icon Reporter.kg

Казакстандан мыйзамсыз жол менен алынып келген 302,2 миң жумуртка артка кайтарылды

Казакстандан мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 302,2 миң жумуртка артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору текшерүү учурунда тооктун жумурткасынын маркировкасы жок экендигин жана аны ташып келүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгын аныктаган. Жыйынтыгында жүк артка кайтарылган.

Exit mobile version