Site icon Reporter.kg

Казакстандык 20 жаштагы ди-джей “Грэмми” сыйлыгын жеңди

Imanbek каймана аты менен белгилүү болгон казакстандык 20 жаштагы диджей Иманбек Зейкенов америкалык рэпер SAINt JHNдин Roses композициясына жазган ремикси үчүн “Грэмми” сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Зейкенов профессионалдуу музыкант эместиги, ал Казакстандагы темир жол колледжинин студенти экени айтылат. Зейкеновдун Rosesан композициясына жасаган ремикси YouTube каналында миллиондогон көрүүчүлөрдү топтоп, U.S. Billboard Hot 100дүн алдыңкы бештигине кирген жана май айында Улуу Британиянын хит-параддарында сап башына чыккан.

Бул ийгилигинен кийин Орусиянын Effective Records үн жазуучу компаниясы аны менен келишим түзгөн.

Белгилей кетсек, «Грэмми» сыйлыгы америкалык үн жаздыруучу компаниялары тарабынан 1958-жылы 14-мартта негизделген. Бул сыйлык музыканын түрдүү тармагында жана стилинде жетишилген ийгилик үчүн берилет. Сыйлыкты тапшырууда анын коммерциялык сатуулары жана кайсы жакта аткарылганына маани берилбейт.

Exit mobile version