Казакстандык аял жылаңач сүрөттөрүн жарыялайм деген коркутуудан кийин асынып өлдү

Казакстандык аял жылаңач сүрөттөрүн жарыялайм деген коркутуудан кийин асынып өлдү

Казакстандын Атырау шаарында күйөөсү менен ажырашып, балдарын багып жүргөн аял өзүн-өзү өлтүргөн. Бул тууралуу “Ак Жайык” порталына каза болгон аялдын эжеси айтып бергендигин Tengrinews.kz басылмасы жазган.

Аял “Друг Вокруг” деген социалдык тармак аркылуу Туркестандын жараны менен таанышып, сүйлөшүп жүргөн.

Өткөн жылдын декабрь айында ал адам Атырауга келген. Алар бир нече күн чогу болушкан. Туугандарынын айтымында, ал адам аялга уктатуучу даары берип сүрөткө тартып, телефонундагы байланыш номерлерди дагы көчүрүп алган. Андан кийин эле ал адам, аялдын жылаңач сүрөттөрүн таратпоо үчүн андан акча талап кылган.

Түркменстандык жаран аялдан 100-200 миң теңге талап кылып жүргөн, аял өзү 50 миң теңге гана тапчу. Бирок ал туугандарына айтпай кичинеден акча берип жүргөн. Кийинчерээк ал киши туугандарына дагы чала баштаган.

 “Түн жарымда мас абалында ар кайсы номурлар менен чалчу. Жабырлануучу жана анын туугандары баары коркондорунан улам телефондорун түндөсү өчүрүп жатышчу. Мындай басымды көтөрө албай аял арыз жазганга аргасыз болгон”, — деп жазган басылма.

Түркменстандык сотто өз күнөөсүн мойнуна алып, кылганы үчүн кечирим сурап, эми мындай ишке барбай турганын айткан. Соттун чечими боюнча, ал “Тоноо” беренеси менен 2 жылга эркинен ажыратылган.

“Бул кандай болушу мүмкүн экенин билбейм, бирок ал Атыраудан Түркменистанга андан кийин Кызылордого кетиптир. Бягы коркуутууларын, чалууларын токтоткон жок. Бардык туугандарыбызга чейин чалып эжем тууралуу укмуштудай нерселерди айта баштады. Эжемди дагы бир жолу полицияга кайрылуусун айттык. Ал барса тергөөчу сотко жибериптир, сот болсо кагаз түрүндө арыз жок деп карабаптыр. Тергөөчү арыз жазуусун айтып чалганында эжем албаптыр телефонун, анткени ал коркуп алчу эмес. Тергөөчүнүн билдирүү жазуусу керек эле… эжем аны менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, асынып өлүптүр, келсек тиги адам телефондон дагы деле жаман сөздөрдү айтып кыйкырып жатыптыр”, — дейт эжеси.

Учурда Атырау полиция бөлумүнүн жетектөөсүндө “Өлүмгө чейин алып баруу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>