Site icon Reporter.kg

Казакстандык компания Бишкек-Түркстан каттамын ишке ашырат

Бүгүн, 31-майда «Манас» эл аралык аэропортунда биринчи жолу Түркстан-Бишкек-Түркстан аба каттамы ачылат. Бул тууралуу авиакомпаниядан билдиришти.

FlyArystan авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдү Бишкектен Нур-Султанга же Алматыга Түркстан аркылуу ташыйт. Саякаттын баасы бир тараптуу учуу үчүн 60 евродон.

“FlyArystan жүргүнчүлөрдүн Казакстанда ыңгайлуу эс алышын камсыз кылып, күн сайын жана күндүз учууларды байланыштырып турууга кам көрүүдө. Алсак, Бишкектен саат 15:00дө чыгып, Казакстандын борборуна саат 19:45те, ал эми Алматыга саат 19:05те келесиз”, — деп белгилешти компаниядагылар.

Бардык багыттар боюнча билеттер 2021-жылдын октябрь айынын аягына чейин сатылат.

FlyArystan — Казакстандын биринчи арзан авиакомпаниясы, «Эйр Астананын» түзүмдүк бөлүмү. Анын флотунда 10 заманбап Airbus A320 реактивдүү учагы бар жана салондору Recaro Slim эконом класстагы 180 орунга ылайыкташтырылган.

 

Exit mobile version