Site icon Reporter.kg

Казакстандын 34 жаштагы тургуну куурчакка үйлөндү — сүрөт

Казакстандык Юрий Толочко Марго аттуу куурчакка үйлөндү. Бул тууралуу Nur.kz жазды.

34 жаштагы  Юрий Толочко үлпөт тойдун видеосун Instagram баракчасына жарыялаган.

Социалдык тармактын колдонуучулары Толочкону психикалык жактан ооруп калганго дешсе, кээ бири ага бакыт каалап жатышат.

Бодибилдер сүйүктүүсүнө чыныгы аялдай мамиле жасап, аны менен сүйлөшүп, саякаттап, куурчакка арнап ачкан социалдык тармактагы баракчаларын да иштетет, ал жерде анын атынан алардын мамилеси жөнүндө айтып берет.

Нур-Султан шаарынын тургуну апрель айында бал айына барууну пландаган, бирок пандемияга байланыштуу кийинкиге калтырган.

Буга чейин казак маалымат каражаттары кабарлагандай, Юрий Толочконун куурчакка үйлөнүү ниети 2019-жылдын декабрь айында белгилүү болгон.

Толочко өзүнүн резина сүйүктүүсүн кадимки айымдардан эч нерсеси кем эмес экендигин айтат. Куурчактар аны бала кезинен бери кызыктырат. Маргону эс алуу жайларына алып бараарда ага ар кандай кийимдерди кийгизип алат.

Exit mobile version