Казакстандын бийлиги ишкерлерин колдоо үчүн 681 млн доллар бөлөт

Казакстандын бийлиги ишкерлерин колдоо үчүн 681 млн доллар бөлөт

Казакстандын бийлиги ишкерлерди колдоо жана жумуш орундарын түзүүгө «кеминде 300 миллиард теңге» (681 миллион доллар) бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев 16-мартта коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаалга арналган телекайрылуусунда билдирди.

Президенттин айтымында, Казакстандын эл аралык резервдери 90 миллиард долларга жакын.

«Бул биздин экономикабыздын туруктуу сакталышынын олуттуу кепилдиги. Биз бюджеттик чыгашаларды максималдуу жакшы натыйжа бере турган жарандардын жумуш менен камсыз болуусуна жана бизнести колдоого багыттайбыз. Ата мекендик ишкерлерди колдоо жана жаңы иш орундарын түзүү үчүн кеминде 300 миллиард теңге бөлүнөт», — деди Токаев.

Токаев бул билдирүүсүн өлкөдөгү акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу кескин жогорулап кеткен маалда жасады. 16-мартта Нур-Султандагы акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 438 теңгеге сатылып жатканы кабарланган. 13-мартта доллардын курсу 405,46 теңгени түзгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>