Site icon Reporter.kg

Казакстандын президенти ГЭСти биргелешип курууну колдоду

Казакстан Борбордук Азияда трансчегаралык дарыялардын суу ресурстарын өз ара пайдалануу үчүн биргелешкен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Мындай позицияны Казак башчысы бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда билдирди.

Токаевдин айтымында, биргелешкен гидродолбоорлорду ишке ашыруу жагынан Кыргызстанда Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору кызуу талкууланууда.

«ГЭС Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдейт, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүү үчүн шарттарды жакшыртат», — деп белгиледи Токаев.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жоомарт Токаев да маанилүү ГЭСтерди биргелешип ишке ашырууну колдоорун билдирген. Анда Токаев Казакстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга катышууну пландап жатканын билдирди.

Exit mobile version