Site icon Reporter.kg

Казакстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары кармалды

2-августта Казакстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олжас Абишев кармалды. Ал мамлекеттик казынага кол салган деп айыпталып жатат.

Абишев министрдин орун басары кызматына 2018-жылы дайындалып, мекеменин санариптештирүү жана маалыматтык коопсуздук тармагын тейлеп келген.

Буга чейин өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы эки министрликте иштеген жогорку даражалуу эки аткаминерге кылмыш иши козголгонун билдирген.

Exit mobile version