Site icon Reporter.kg

Казакстандын университеттерине кыргыз абитуриенттерин кабыл алуу башталды

Казакстандын университеттерине кыргыз абитуриенттерин кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларында бакалавриат программалары боюнча билим алууга 25 орун, магистратура боюнча – 20 орун , үзгүлтүксүз интеграцияланган медициналык билим берүү боюнча – 5 орун бөлүнгөн.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасынан каттоодон өтүп, талап кылынган документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле  2024-жылдын 23-майы саат 23:59га чейин арызды жана каттоо формасын толугу менен толтуруу зарыл.

Толук маалымат —  https://edu.gov.kg/announcements/387/

Конкурска катышуу боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондор аркылуу берилет. Ошондой эле суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жиберсе болот.

Exit mobile version