Site icon Reporter.kg

Казакстандын ЖОЖдорунда окуу үчүн конкурстук тандоо башталды

2025–2026-окуу жылына Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Казакстан тараптан кыргызстандыктар үчүн төмөнкү программалар боюнча 50 квоталык орун берилген:

Квоталардын багыттар боюнча бөлүштүрүлүшү:

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер student.edu.gov.kg сайтына кирип, 2025-жылдын 10-майы саат 23:59га чейин бардык керектүү документтерди жүктөп, каттоодон өтүшү керек.

Арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин техникалык текшерүү жүргүзүлөт. Текшерүүдөн өткөн талапкерлер тандоо сынактарына чакырылат. Сынактардын жыйынтыгы боюнча сунушталган талапкерлердин тизмеси түзүлүп, казак тарапка жөнөтүлөт. Акыркы чечимди казак тарап кабыл алат.

Министрлик бардык жол кире жана башка чыгымдар катышуучулардын өз эсебинен болорун билдирди.

 

Exit mobile version