Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө сейфтен ири суммада акча уурдаган шектүү чек арадан кармалды

Ысык-Көлдө агродарыкананын мурдагы кызматкери сейфтен ири суммадагы акчаны уурдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-июль күнү Каракол шаардык милициясына калаадагы агродарыканаларынын биринен 260 миң сом уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине дароо ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерди карап чыгып, кеңсе кызматкерлери менен маектешкен соң кылмышкерлер агродарыкананын короосуна кошуна үйлөрдүн чатыры аркылуу түшүп, имараттын кире бериш эшигин талкалап, видеокөзөмөл камераларын өчүрүшкөнүн аныкташкан. Андан кийин алар сактоочу жайдан ачкычтарды алып, сейфти ачып, 260 миң сомду уурдап кеткен.

Кылмышкерлердин имараттын ичин жакшы билгендиги жана анын кандай жайгашканын так билүүсү, кылмыш иликтөө кызматкерлерин уурулукка ушул кеңседе иштеген кызматкерлердин тиешеси болушу мүмкүн деген божомолго алып келген. Кеңсенин кызматкерлерин кайрадан сурашып, алар берген көрсөтмөлөрдүн ар бирин убакыт-саатын кылдат текшергенден кийин эч кандай илинчек тапкан эмес. Мындан улам милиция кызматкерлери бул кеңседе мурда иштегендерди текшерүүнү чечишти.

Текшерүү учурунда ыкчам кызматкерлердин көңүлүн Каракол шаарында убактылуу жашаган, мурда аталган кеңседе иштеп кеткен 37 жаштагы Б.А. аттуу жаран бурган. Коңшуларынын көрсөтмөсү боюнча ал жакында эле ижарага алган батиринен көчүп кеткен. Көчүп кеткен күнүн текшергенде агродарыканадагы уурулук болгон күнгө дал келген.

Шектүүнү табуу үчун Каракол шаардык милициясы башка облустардагы бөлүмдөргө багыттамаларды жиберип, Чек ара кызматына кабар берген. Щектүү «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан чек арадан өтүп жаткан учурда чек арачылар тарабынан кармалып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы окуянын чоо-жайын тактоо иштерин улантууда. Шаардык соттун чечими менен шектүү тергөө жүрүп жаткан убакытка камакка алынды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version