Site icon Reporter.kg

Казаксттан COVID-19га каршы жергиликтүү QazVac вакцинасы менен эмдөөнү баштады

Казакстанда калкты коронавируска каршы жергиликтүү QazVac вакцинасы менен эмдөө башталды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-апрелде вакцинанын биринчи дозасын алгачкылардан болуп саламаттык сактоо министри Алексей Цой алды.

“Биздин тапшырма элдерге мүмкүнчүлүк берүү. Андан кийин жарандар өздөрү тандайт, өздөрү эмдөөдөн өтөт”, — деген министри.

Цойдун айтымында, Жамбыл облусунда вакцина өндүрө турган заводдун курулушу уланып жатат, учурда Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий-иликтөө институту өз алдынча 50 миң доза өндүрүүгө дарамети жетет. Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцина Казакстандын аймактарына жеткирилген.

Казакстанда коронавирус башталгандан бери 361 миң кишиден COVID-19 вирусу аныкталган.

 

Exit mobile version