Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Кеңешбек Дүйшөбаев милициянын генерал-майору. Ал 1957-жылы Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Боролдой айылында туулган.

Эмгек жолу:

— 2001-2002-жылдары Кыргызстандын Ички иштер министринин орун басары.

— 2003-2005-жылдары Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын башчысы.

— 2005-жылдын март айында бир нече күнгө Республиканын ички иштер министри жана өкмөт башчысынын орун басары.

— 2005-жылы Акыйкат-Элдик Партиясын уюштурган жана жетектеген.

— Апрель ыңкылабынан кийин, 2010-жылдын 7-апрелинен бери Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы.

— 2012-жылы — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы.

— 2013-2015-жылдары Шанхай уюмунун Башкы катчысынын орун басары болуп иштеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>