Кечээ Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, эскертүү ок атылды

Кечээ Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, эскертүү ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында кечээ, 2-сентябрда кайрадан чыр чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.

Анда асманга эскертүү иретинде ок атылды.

«Баткендин Ак-Сай айылына жакын Кыргызстанга караштуу аймакта кыргыз жарандары дарыядан автоунаага шагыл жүктөп жатышкан. Аларга суунун аркы жээгинен Тажикстандын чек арачылары келип, асманга үч жолу эскертүү иретинде ок атышкан. Курман болгондор жана жаракат алгандар жок», — деп жазылат маалыматта.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары чатактын себебин териштирип жана абал курчуп кетпеши үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>