Соттолуп, абакта отурган айрым жарандарды балдары менен жолугуп келүүсү үчүн түрмөдөн чыгуусуна уруксат берүү сунушталууда. Мындай өзгөртүүнү Кылмыш-жаза кодексине киргизүү сунушталууда.
Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков билдиргендей, балдары бар жана жалгыз бой ата же эне болгон жалпы жана катаал режимдеги абактарда отурган жарандарды баласы менен жолугушуп келүү үчүн абактан чыгуусуна уруксат берүү сунушталууда. Соттолгон адам баласынын жанында бир жума жүрө алат. Ошол эле учурда 7 күндөн тышкары жолго өзүнчө убакыт берилет. Бул демилге соттолгондордун оңолуусуна, кайра коомго аралашуусуна түрткү берүү максатында сыноо иретинде ишке ашырылат.
Учурда абактарда аталган категорияга кирген 60 киши бар.
Бул сунуш өмүр бою абакка кесилгендерге, уюшкан кылмыштуу топтун катарында кылмыш жасагандарга, абакта отурганда кылмыш кылгандарга, террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик багыттагы, оор жана өзгөчө оор кылмыш жана башка кээ бир кылмыш жасагандарга тиешелүү эмес.