Site icon Reporter.kg

Келдибек Ниязовдун 70 жылдык мааракеси белгиленет

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында, 16-ноябрда, Кыргызстандын эл артисти, белгилүү куудул Келдибек Ниязовдун 70 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маараке кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал ырчы, куудулдардын катышуусундагы чоң программадагы автордук концерт менен коштолот. Салтанаттуу кече саат 18:30 да башталат.

Келдибек Ниязов 1952-жылы 8-сентябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Куланак айылында туулган. 1969-жылы Куланак айылындагы орто мектепти аяктап, 1972-жылы эки жылдык эстрадалык студиядан окуп, улуттук эстрада жанрынын негиз салуучусу Чоро Кожомжаров менен бирге иштешкен.

1989-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин маданий массалык иштер боюнча факультетин аяктаган.

Окууну аяктаган соң, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенип, эл артисттери Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаевдер менен чыгармачылык жолдо бирге иштеген.

Белгилүү куудул Асанкул Шаршенов менен кыргыз сахнасында кыргыз элине күлкү-шаң тартуулап, дээрлик 30 жылдан ашык бирге жүргөн.

Келдибек Ниязов «Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы», «Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти», «Кыргызстандын эл артисти” ардактуу наамдары менен сыйланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version