Site icon Reporter.kg

“Келечек” турнири: “Дарыгерлер” командасы 1-орунду алды

Жалпысынан ар тармактагы 35 жашка чейинки кызматкерлерден түзүлгөн 8 команда (мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, мугалимдер, журналисттер, өнөр адамдары, блогерлер жана ишкерлер) катышып 1-орунга «Дарыгерлер» командасы 2:1 эсебинде «Журналисттер» командасын жеңип байгелүү орунга ээ болду.

Ал эми 3-орун үчүн «Мамлекеттик кызматкерлер» командасы менен «Өнөр» командасы ат салышып, аталган орун «Өнөр» командасы камсыздай алды.

Турнир Бишкек шаарында 2022-жылдын 5-мартында «Газспром балдарга» ден-соолукту чыңдоо борборунда өттү.

Жалпы байге фонду:

1-орун “Дарыгерлер” 50 миң сом байге

2-орун “Журналисттер” 30 000 сом

3-орунду «Өнөр» 20 000 сом командасы алса,

4-орунга «Мамлекеттик кызматкерлер» командасы 10 000 сом байге алышты.

Мындан тышкары:

«Мыкты оюнчу»-  Мирлан Кубанычбеков (Дарыгер командасы);

Мыкты бомбардир» — Бекболсун Молдояр уулу (Блогерлер командасы);

«Мыкты дарбазачы» — Азат Сагынов (Мамлекеттик кызматкерлер командасы);

«Мыкты коргоочу» — Адилет Султаналиев (Өнөр командасы);

«Мыкты күйөрман» —  Темирлан Ишенов номинациялары берилди.

Аталган турнир эстафета катары Ош шаарына узатылды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Келечек» турнирин өткөрүүгө салым кошкон өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирет.

Exit mobile version