2025-жылдын 15-февралынан тартып Бишкектен Индияга түз аба каттам ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аээропортунан билдиришти.
Маалым болгондой, аэропорттун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов IndiGo Airlines (Индия) компаниясынын вице-президенти менен жолугушуп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулаган. Жыйынтыгында алар келерки жылы 15-февралдан тартып Дели – Бишкек — Дели багыты боюнча жаңы каттам ачууну макулдашкан.