Site icon Reporter.kg

Келерки жылы Кыргызстанга Эрдогандын келери күтүлүүдө

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2023-жылы Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Бул тууралуу 27-декабрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевдин президент Эрдоганга ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде белгилүү болду.

Салтанаттуу азем Анкарадагы президенттик сарайда өтүп, ишеним грамоталарын тапшыргандан кийин эки тараптуу жолугушуу болгон.

«Жолугушуу учурунда тараптар мамлекеттер ортосундагы тарыхый достук жана бир туугандык мамилелердин жогорку стратегиялык деңгээлин белгилешти. Кызматташтыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн, кеңейтүүнүн жана чыңдоонун жолдору, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы көп тараптуу форматтагы мамилелер кеңири талкууланды.

Руслан Казакбаев кыргыз тарап эки боордош мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгилеп, президент Садыр Жапаровдун президент Эрдоганды 2023-жылы Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакыруусун эске салды», — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Эрдоган Руслан Казакбаевди Түркиядагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалаган. Аны менен бирге, түрк тарап элчинин ишине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык бир туугандык мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө жана бекемделишине ишенимин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version