Site icon Reporter.kg

Келерки жылы пенсия 7%га көтөрүлөт деп пландалууда

2025-жылы пенсияны 7%га көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, келерки жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көтөрүлөт.

Алиев белгилегендей, алар жыл сайын пенсияны 7-8%га көтөрүү тууралуу алдын ала план коюп, бирок андан көбүрөөк кошушат.

 

Exit mobile version