Site icon Reporter.kg

Кемин: Токойдогу өрттү желим идиштер менен өчүрүшүүдө (видео, сүрөт)

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кеминдеги токойду өчүрүп жаткандагы видеосун фейсбуктагы баракчасына чыгарды.

Бул видеого үңүлүп карай турган болсок, тоонун чокусуна чейин куткаруучулар чынжырча болуп тизилип алып желим идиштер менен суу ташып жатканын,  өрттүн басылбай түтөп жатканын көрүүгө болот.

Видеодо атайын кызматкер  тоонун 30-50 гектар аянтын өрт чулгаганын айткан.

Кемин районунун Кайыңды айылынын түштүк тарабындагы Борду коктуларындагы өрт 3 күндөн бери өчө элек. Акыркы минуталарда алган маалыматтарга караганда азыркыга чейин тилсиз жоо токтой элек.  Өрт кишилердин шалаакылыгынан улам келип чыкканы кабарланган. Бүгүн жүздөн ашык куткаруучу өрт өчүрүп жүрөт.

Кыргызстанда өрт өчүрүүчү, куткаруучу тик учак алуу боюнча бир канча жолу маселе көтөрүлүп, кайрадан эле токтоп калууда.

Exit mobile version