Site icon Reporter.kg

Кемин: Тоодогу өрт токтой элек

Бүгүн жүздөн ашык киши тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн жөнөп кеткенм боюнча  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.

Анда айтылгандай, 4 офицердик курам, куткаруу кызматкерлеринен 60, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан (КДМБ) 30 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан болжол менен 20 жаран болуп саат 7:00 до өрттү өчүрүүгө чыгып кетишкен.

Кемин районунун Кайыңды айылынын түштүк тарабындагы Борду коктуларындагы өрт 3 күндөн бери өчө элек. Өрт кишилердин шалаакылыгынан келип чыкканы кабарланган.

Exit mobile version