Кемин районунда 28 жаштагы келин өз жанын кыюуга аракет кылды.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кемин шаарында каналга (быстроток) 1994-жылы туулган Б.А. аттуу аял киши секирип, өз өмүрүн кыйууга аракет кылган.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, куткаруучулар тарабынан жогоруда аталган жаранды каналдын жээгинен түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлери менен биргеликте ооруканага шок абалында жеткирилген.