Чүй облустук милициясы бодо мал уурдаган деп айыпталып, 47 жаштагы адам кармалганын кабарлашты.
Эки күн мурун Кеминдин тургуну милицияга арыз менен карылып, жайыттан божо малын уурдап кетен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Муну менен ал 150 миң сом зыянга учураганын айткан.
Ыкчам-иликтөө иш аракеттеринин аркасында шектүү катары Чүй облусунун 47 жаштагы тургуну кармалган.
Айыпталуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталган.