Site icon Reporter.kg

Кеминде мал издеп кеткен келин эки күндөн бери дайынсыз

Чүйдө мал издеп кеткен аял эки күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кемин районунун  Кызыл-Октябрь айылынын 32 жаштагы тургуну 22-февраль күнү эртең менен жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келген эмес.

Аны издөөгө эки күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, бирок дале табыша элек. Бүгүн, 25-февралда издөө иштери улантылат.

Exit mobile version