Кеминде мектебин текшерүүнү өтүнгөн кыз Камчыбек Ташиевден белектерди алды — сүрөт

Кеминде мектебин текшерүүнү өтүнгөн кыз Камчыбек Ташиевден белектерди алды — сүрөт

21-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кемин районунун 9 жаштагы кыздын кайрылуусу боюнча алдын-ала текшерүүлөрдү жүргүзгөн.

Эске салсак, Кеминдеги No1 орто мектептин окуучусу Асема Шакирова өзүнүн кайрылуусунда пандемиянын жайылышынан улам, анын үй-бүлөсү материалдык кыйынчылыктарга туш болуп, мектеп акысын төлөй албай, апасынын эмгек акысынын аздыгына байланыштуу азык-түлүк сатып ала албай жаткандыгын көрсөткөн.

Буга байланыштуу УКМКнын кызматкерлери аталган кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Кемин шаарына барып, анда Шакировалар үй-бүлөсү 5 адамдан тургандыгы жана чындыгында материалдык жардамга муктаж экендиги аныкталды.

Бул үй-бүлөнүн материалдык муктаждыгын жоюу максатында Ташиевдин тапшырмасы менен материалдык жардам балдарга эң керектүү тамак-аш, жаңы жылдык белектер жана канцелярдык буюмдар түрүндө көрсөтүлдү.

Өз кезегинде Шакировалардын үй-бүлөсү көрсөтүлгөн жардам үчүн УКМКнын төрагасына жеке ыраазычылыгын билдиришти жана бул маселенин объективдүү жана акыйкат чечилишине ишеним билдиришти.

Мындан тышкары, атайын комиссия түзүлүп, ал Шакированын кайрылуусунда айтылган бардык жагдайларды изилдеп, анын жыйынтыгында тиешелүү баасын берет.

Учурда тиешелүү текшерүү иш-чаралары улантылып, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө.

[su_image_carousel source=»media: 52381,52382″ crop=»none» autoplay=»4″]

Буга чейин Кемин шаарындагы 9 жаштагы кыз мектеп жетекчилигинин апасына кылган ырайымсыздыгы тууралуу айтып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасаган болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>