Site icon Reporter.kg

Кеминде жайлоодо жылкыны уурдап, союп кеткендер кармалды

Чүй облусунда уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу аталган облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургуну 24 жаштагы И.Б арыз менен кайрылып, ал 19-январга караган түнү Кемин районунун Жылтыр тилкесиндеги жайлоодон белгисиз адамдар анын 150 миң сомго бааланган жылкысын союп кетишкенин билдирген.

Аталган факты Кемин районунун ИИБнин электрондук журналына «уурулук» беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары мурда ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон 50 жаштагы Д.Н. жана 51 жаштагы Ж.А., кармалган. Алар Чүй облусунун тургундары. Алгач алар жылкыны уурдап, аны союп, этин алып кетишкен.

Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун текшерүүдө.

Exit mobile version