Кеминдик жаштар жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр жана азык-түлүк таратты

Кеминдик жаштар жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр жана азык-түлүк таратты

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында кайрымдуулук иш-чара болуп өттү. Бул кайрымдуулук иш-чара Жаңы-Алыш айылындагы «Хамза» мечитинин жамаатынын демилгеси менен уюштурулуп, айыл жаштары демөөрчүлүк кылышкан. Бул тууралу Кемин хатибиятынын жоопту катчысы Таалай Сейталиев билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын негизинде айыл жаштары айылдагы колу жука 15 үй-бүлөгө жалпысынан 5 тонна көмүр жана 8 миң сомдук азык-түлүк таратышкан.

«Садака – өмүрдү узартат. Айылдагы жаштардын жакшылык ишке себеп болуп, айылдаштары тууралу кам көргөндүгү, мамлекетибиздин келечеги кең экенин түшүндүрөт. Ушул сымал иш-чаралардан мамлекетибиздеги жаштар үлгү алсын деген максатта гана маалымат менен бөлүшүп жатабыз. Буюрса бул эч нерсеге арзыбаган иш-чара көп жаштарга түрткү болот деген үмүттөбүз», — деди Таалай Сейталиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>