Site icon Reporter.kg

Кемпир-Абаддын жээгинде жайгашкан беш айыл өкмөткө 60 млн сом бөлүндү

Жогорку Кеңештин “Ишеним” парламенттик фракциясынын лидери Улугбек Ормонов менен “Мекенчил” депутаттык тобунун лидери Эльмурза Сатыбалдиев Өзгөн районуна барып, жергиликтүү эл менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга мамлекеттик мекемелердин жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Улугбек Ормонов жыйынды ачып жатып, облустун тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу багытында парламент жана аткаруу бийлиги тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолду.

Тактап айтканда, Кемпир-Абад суу сактагычын пайдалануунун кесепеттерин жоюу фондуна 2023-жылга карата суу сактагычтын жээгинде жайгашкан 5 айыл өкмөттү каржылык жактан колдоо максатында 60 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.

“Аталган каражаттар мурдагыдай болуп иши кандайдыр бир коррупциялык көрүнүштөр менен коштолгон дирекция аркылуу пайдаланылбайт. Каржылоо түз эле райондук администрациянын эсебине которулуп, сарпталышын көзөмөлдөө функциясы атайын комиссияга жүктөлөт”, – деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү Жаман-Адыр айыл аймагындагы 1,4 миң гектардан ашык жерди сугарууну камсыздоо боюнча долбоорлоо жана изилдөө иштери башталганын белгилеп: “Муну менен катар быйылкы жылы Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш айылында жайгашкан №43 И.Базаркулов атындагы орто мектептин жана Кызыл Октябрь айылындагы билим берүү мекемеси менен Төрткүл айыл аймагына караштуу Кыймыл айылындагы бала бакчанын курулушун баштоо пландалууда”, – деди.

Өз кезегинде депутат Эльмурза Сатыбалдиев Россия Федерациясы тарабынан каржыланып, курула турган 9 мектеп-интернаттын бири Өзгөн районунун Прогресс айылына салынарын кошумчалады.

Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү 2023-жылдын аягына чейин райондо 6 жаңы мектепти пайдаланууга берүү пландалып жатканын билдирди.

Андан ары суроо-жооп иретинде уланган жолугушууда жарандар көптөгөн актуалдуу маселелерди көтөрүштү. Тагыраагы, жыйындын катышуучулары жерлерди трансформациялоо, жайыттардын жетишсиздиги өңдүү көйгөйлөрдү айтып, мектеп, бала бакча, оорукана, спорт комплекстерин куруу жана жол тармагын өнүктүрүү зарылчылыгына токтолушту.

Айрыкча, жазгы талаа иштерин жүргүзүү, дыйкандарды күйүүчү май, үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздоо, ошондой эле селге каршы иш-чараларды, анын ичинен жээктерди бекемдөө иштерин өз убагында бүткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү салыктык тескөө процесстериндеги инновациялар боюнча маалымат берсе, Айыл чарба министрлигинин өкүлү №309 токтом боюнча түшүндүрмө берди.

Жыйынтыгында депутаттар айтылган суроо-талаптарды чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыктарын белгилешти.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version