«Кепилдик фонду»: Кыргызстанда көлөч, тоют, беткап чыгарган ишканалар ачылды

«Кепилдик фонду»: Кыргызстанда көлөч, тоют, беткап чыгарган ишканалар ачылды

Кыргызстанда көлөч, тоют, беткап чыгарган ишканалар ачылды. Бул тууралуу Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Ал аталган фонд тарабынан кепилдик берилген айрым ишканалар тууралуу айтып берди.

«Жакында эле Лейлек районундагы «Лейлек эркин экономкалык аймагында» көлөч чыгарган ишкана ачылды. Жыл сайын биздин өлкөгө 2 млн көлөчкө муктаждык бар. Ал ишканада ай сайын 3 миң, жылына 300 миң көлөч чыгарылат. Ал өлкөдөгү муктаждыктын бир бөлүгүн жаппастан, сыртка да чыгарылат деп күтүп жатабыз.

Ошондой эле жакында эле Кара-Балтада болот куйма ишканасы ачылды. Мындан тышкары кой чарбасы боюнча долбоорду колдоого алып жатабыз. Койлордун бат семирүүсүнө жардам берген тоюттарды чыгаруу колго алынды», — деди ал.

Аны менен бирге ал коронавируска байланыштуу беткап чыгарган ишканага да кепилдик берилген айтып өттү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>