Site icon Reporter.kg

Кербендеги ооруканада чыккан өрт өчүрүлдү

Жалаб-Абад облусунун Кербен шаарындагы ооруканада чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт саат 11:10до чектөөгө алынып, саат 11:23тө толук өчүрүлдү.

Алдын ала маалымат боюнча, ооруканадан 72 жаран эвакуацияланган. Жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.

Кербен: Ооруканадагы өрттү өчүрүү иштери уланууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version