«Керек болсо өлүп бергенге даярбыз» Кепин оронгондор Ак үй алдына митингге чыгышты (фото)

«Керек болсо өлүп бергенге даярбыз» Кепин оронгондор Ак үй алдына митингге чыгышты (фото)

Бүгүн 3-сентябрда Бишкекте Ак үйдүн алдына кепин оронуп, тынчтык митингине чыгышты.

Алар колдоруна «третейский сот жоюлсун, трансфармация мыйзамына өкмөт качан кол коёт? Мыйзамсыз басып алынган жерлер качан өкмөткө өтүп, карапайым элге качан берилет?» деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Митингге чыккандар «керек болсо өлүп бергенге да даярбыз» деп кепинге оронуп алышкан.

Нааразылыкка чыккандар бийликтен ар биринин көйгөйлөрүн бирден анализдеп, акыйкат чечим чыгарып берүүнү талап кылышууда. Ошондой эле сот иштерин жана банк системасын тескөөгө алууну суранышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>