Site icon Reporter.kg

«Керемет Банк» Россияга санкциядан кыйгап өтүүгө жардам берген деп өзү санкцияга туш болду

«Керемет Банк» АКШнын санкциясына кабылды. Бул тууралуу Американын Каржы министрлиги билдиргенин «Акчабар» жазды.

Маалыматка ылайык, «Керемет Банк» Россиянын бийлиги жана коргонуу өнөр жайын каржылаган «Промсвязьбанкы» иштеп чыккан санкциялардан качуу схемасына катышканы үчүн өзү санкцияга туш болгон. Ал былтыр жайдан тарта 2022-жылдан бери санкцияларга кабылган «Промсвязьбанктын» атынан мамлекеттер ортосунда акча которууларды жасоого көмөктөшкөн.

2024-жылы Кыргызстандын Каржы министрлиги «Керемет Банктын» акцияларынын контролдук пакетин россиялык олигарх менен байланышкан компанияга сатылганы айтылат. Ал олигарх Россиянын өкмөтү менен байланышы бар.

«Керемет Банк» импорт үчүн акча төлөөдө жана экспорт үчүн төлөм алууда Россияга санкцияларды кыйгап өтүүгө өбөлгө түзүү максатында сатып алынганы кабарланат.

Эскерте кетсек, былтыр декабрда Каржы министрлиги «Керемет Банктын» 75% акциясын люксембургдук ALTAIR HOLDING S.A. компаниясына 6,5 млрд сомго саткан. Министрликтин колунда банктын 2 млрд сомдук 22,45% акциясы калган. Калган 2,55% акциялар жеке жарандарга таандык.

Россия 2022-жылы февралда Украинын аймагына кол салып, согуш баштагандан бери ар түрдүү санкцияларга туш болуп келет.

Каржы министрлиги «Керемет Банктын» 75% акциясын чет элдик компанияга сатты

Exit mobile version