Site icon Reporter.kg

«Керемет Банкты» Казакстандан чакырылган адис башкара турган болду

«Керемет Банкты» Казакстандан чакырылган адис башкара турган болду. «Акчабар» өздүк булактарына таянып жазгандай, Татьяна Куржей банктын башкармалыгынын төрайымы болот.

Маалым болгондой, Татьяна Куржей 2018-жылдан бери Казакстандагы «Евразия банкы» АКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп келген.

Банктын башчысы алмашары тууралуу фактыны «Керемет Банктын» сайтында башкармалыктын төрагасы Тимур Бекбаев тууралуу маалыматтын жоктугу да ырастап турат. Сайтта орун басарлар гана көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин «Акчабар» жазгандай, августтун башында «Керемет Банк» Юстиция министрлигинде кайра каттодон өтүп, анын түзүмүндө чет элдик үлүш пайда болгон.

Exit mobile version